Студенческое правительство

АДАМ Университетинин Студенттик Өкмөтү — бул активдүү студенттик жашоого көмөктөшүүгө, жаңы студенттерге университетибизге адаптация болууга жардам берүүгө, ошондой эле ар бир студенттин социалдык демилгелерин колдоого жана ишке ашырууга чакырылган бирикме!
Биз студенттерди университеттин турмушуна тартып гана тим болбостон, алардын потенциалын ачууга жана кесиптик, инсандык сапаттарын өнүктүрүүгө аракет кылабыз.
Биз, Студенттик Өкмөт катары, студенттик жашоону эсте каларлык жана жаркын кылуу үчүн бардык аракеттерди жасайбыз, анткени АДАМ Университети биз үчүн жакынкы 4 жылга үй, жана бүткөндөн кийин кайтып келгибиз келген тууган жер!