Жаңылыктар жана окуялар

29.10.2026

Адам университетинде КМШнын 35 жылдыгы белгиленди

2026-жылдын 29-октябрында Адам университетинде МТжЖББ программасы менен ЭМжТ программасы уюштурган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) 35 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин 2026-жылдын 9-сентябрындагы № 629 «Гуманитардык кызматташтык чөйрөсүндөгү иш-чаралар жөнүндө» буйругунун негизинде гуманитардык кызматташуу жаатындагы иш-чараларды ишке ашыруу алкагында өткөрүлдү. 
Бул иш-чарага бардык багыттын 1-4-курстун студенттери катышты. Алар үчүн: студенттик докладдар, интеллектуалдык викторина жана КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик желектерин билүү боюнча сынак уюштурулган.  Студенттер Шериктештиктин тарыхы, маданий байланыштар, билим берүү жана экономикалык кызматташтык боюнча баяндамаларды жана презентацияларды жасашты, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн тарыхы, географиясы жана мамлекеттик символдору боюнча билимдерин көрсөтүштү. Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр I, II жана III даражадагы дипломдор жана белектер менен сыйланышты. Иш-чара студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүүгө, таанып-билүү активдүүлүгүн өнүктүрүүгө жана КМШга мүчө мамлекеттердин тарыхына, маданиятына жана каада-салттарына болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түздү.