News and Events

28.08.2025

2025-жылдын 25-августунда Адам Университетинде биринчи курстун студенттеринин расмий жолугушуусу болуп өттү

2025-жылдын 25-августунда Адам Университетинде биринчи курстун студенттеринин расмий жолугушуусу болуп өттү.
Иш-чаранын алкагында Университеттин ректору институционалдык өнүгүү стратегиясын, ЖОЖдун миссиясын жана негизги баалуулуктарын тааныштырды. Өз сөзүндө ал студенттер кандай билим деңгээли, кесиптик компетенциялар жана инсандык сапаттар менен бүтүрөөрүн белгилеп, ар бир студенттин билим берүү процессине максаттуулук менен активдүү катышуусунун маанилүүлүгүн баса көрсөттү.