(Русский) История академии

logo1

Бишкек финансы-экономикалык академиясы


 

  90-жылдардын башында Кыргызстан суверенитеттүү жаңы мамлекет  болуп тузүлүп, күн тартибине жаңы муун кандай болуш керек деген маселени койду.

Рынок мамилесинде билим берүүчү заманбап жогорку окуу жайды түзүүгө муктаж болгон мезгилде академия уюшулду. 1994-жылы мамлекет саясий түзүлүшүн гана өзгөртпөстөн, экономикалык багыттарын да өзгөрттү. Жашоонун таптакыр жаңы өзгөчөлүктөрү “Жеке менчик”, “приватизация”, “банкрот”, “фонддук рынок”, “акция”ж.б., турмушка тез адаптацияланууну гана талап кылбастан, жаш муунга жаңы кандай билим керек экендиги тууралуу актуалдуу маселени койду.

Биринчи 24 студент кабыл алынган. Бүгүнкү күндө 1000 ашык студент билим алат. Имаратты жана биринчи чыгымдарды “Интер-Бишкек” фирмасы өзүнө алып, проекттин демилгечиси болгон. “Хаятт”, “Кока-Кола”, “DXL” ж.б. ири дүйнөлүк компаниялардын бөлүмдөрүн академиянын бүтүрүүчүлөрү жетектегенин көрүп, академиянын маанисин баалайсың.

         Жаңы окуу куралдардын басылып чыгышы унутулгус. Кыргызстанда биринчи жолу ишканалардын банкрот болушу, башкаруунун антикризиси программалары киргизилген. Академия алгачкылардан болуп  республикадагы  финансы отчетунун эл аралык стандартын киргизген жана активдүү жол көрсөтүүчүсү. Болон хартиясына кол коюу менен, жогорку окуу жайлардын эл аралык биримдигине интеграцияландык.

20 жыл – экономика илимдеринин тарыхында кичинекей бир бүртүк. Биз заманбап рынок мамилелеринин экономика жана финансы булагын үйрөнүп жатабыз. Цивилизациянын жүз жыл ичинде топтогон билимине бир саатта ээ болуу мүмкүн эмес. Мен  үчүн БФЭА да өткөргөн убакыт – бул билим реликвиясына сүңгүп кирген, жаңы ачылыштардын мезгили. Бул менин туура жолумдун ишеними. Жанын аябай иштеген профессорлорго, окутуучулар жамаатына ыраазычылык билдирем. Алар – академиянынын жүзү.

         Бир акылман айтыптыр: “Жер шарын кыдырса, бийик тоолорду багынтса, океанды жалгыз сүзүп өтсө болот, бирок билимсиздикти жеңүү мүмкүн эмес, анткени сени эч ким түшүнө албайт. “Жеңилбес тоскоолдукту” жеңүүчү жалгыз жол  - бул билим”. Мен акылмандын айтканына кошулам.