Жаңылыктар жана окуялар

10.12.2024

Бүгүн, 2024-жылдын 10-декабрында, АДАМ Университетинде GEEKS IT-компаниясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү

Бүгүн, 2024-жылдын 10-декабрында, АДАМ Университетинде GEEKS IT-компаниясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун алкагында мындан аркы кызматташуу маселелери жана IT-чөйрөсүн өнүктүрүүгө, ошондой эле билим берүү демилгелерин бекемдөөгө багытталган биргелешкен долбоорлорду түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Биздин кызматташтыгыбыз студенттер жана окутуучулар үчүн жаңы горизонтторду ачып, окуу процессине заманбап технологияларды жана инновациялык ыкмаларды киргизүүгө өбөлгө түзөт деп ишенебиз.
GEEKS компаниясына жемиштүү диалог үчүн ыраазычылык билдиребиз жана өнөктөштүгүбүздүн уланышын чыдамсыздык менен күтөбүз!