Жаңылыктар жана окуялар

21.11.2025

Маалыматтык технологиялар жана жалпы билим берүү дисциплиналар программасынын жетекчиси В.Ж. Мураталиева И.К.Ахунбаев атындагы КММАда өткөн «Заманбап медициналык билим берүүдөгү медбиофизиканын ролу: чакырыктар жана перспективалар»

Маалыматтык технологиялар жана жалпы билим берүү дисциплиналар программасынын жетекчиси В.Ж. Мураталиева И.К.Ахунбаев атындагы КММАда өткөн «Заманбап медициналык билим берүүдөгү медбиофизиканын ролу: чакырыктар жана перспективалар» аттуу тегерек столго катышты. 
Иш-чаранын жүрүшүндө медициналык биофизиканы өнүктүрүүнүн негизги маселелери: лабораториялык базаны жаңыртуу, симуляциялык жана практикага багытталган ыкмаларды киргизүү, ошондой эле келечектеги дарыгерлердин клиникалык ой жүгүртүүсүн калыптандырууда дисциплинанын ролу талкууланды. 
Талкууга катышуу тажрыйба алмашууга жана андан аркы өнүгүүнүн маанилүү багыттарын аныктоого мүмкүндүк берди.