19.09.2025
Өмүрдү 60 мүнөттө сактап калууну үйрөн!
19-сентябрда бардык студенттерди "Тез жардамдын 5 негизги көндүмү" аттуу практикалык көрсөтүүгө чакырабыз.
Программада:
- эс-учун жана дем алуусун кантип текшерүү керек
- жүрөк-өпкө реанимациясы (ЖӨР)
- канды токтотуу
- муунуп дем жетпеген учурда жардам берүү
- эстен тануу жана талма учурунда эмне кылуу керек
Өтүүчү жер: 402 кабинет, №3 корпус, 7 Апрель 155а
Убактысы: 10:00
Тез жардам келгенге чейин ар бир адам жасай ала турган жөнөкөй жана түшүнүктүү кадамдарды үйрөнөсүң.
Жардам берүүгө даяр бол - балким, сенин билимиң бир күнү бирөөнүн өмүрүн сактап калат.