07.07.2025
2025-жылдын 4-июлунда «Адам» Университетинин өкүлдөрү Бишкек шаарындагы Тез жардам медицина борбору тарабынан Медицина кызматкеринин күнүнө карата уюштурулган тез жардам бригадаларынын арасындагы кесиптик чеберчилик сынагына катышышты
2025-жылдын 4-июлунда «Адам» Университетинин өкүлдөрү Бишкек шаарындагы Тез жардам медицина борбору тарабынан Медицина кызматкеринин күнүнө карата уюштурулган тез жардам бригадаларынын арасындагы кесиптик чеберчилик сынагына катышышты.
Университеттен калыстар тобунун курамында профессор Ишенбай Молдоташев жана Медицина жогорку мектебинин деканы Чолпон Мамбетова чыгышты. Алар командалардын чыгармачылык көрсөтүүлөрүн да, реалдуу чакырыктарга жакындатылган шарттардагы практикалык аракеттерин да баалашты.
Сынак эки этаптан турду:
• Чыгармачылык – тез жардам кызматынын жана командалык өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн чагылдырган өзүн-өзү тааныштыруулар, видеороликтер, сценкалар жана миниатюралар;
• Практикалык – өзгөчө кырдаалдар боюнча тапшырмаларды аткаруу (Жол кырсыгы, инфаркт, анафилактикалык шок, төрөт ж.б.), мында ар бир команда реалдуулукка максималдуу жакындатылган шарттарда кесиптик көндүмдөрүн көрсөттү.
Иш-чарага тогуз команда катышты. Катышуучулардын иши алдын ала бекитилген критерийлер боюнча бааланды: жардам көрсөтүүнүн толуктугу жана сапаты, команданын ырааттуулугу, эмоционалдык таасир, теманын ачылышы жана бригаданын бардык мүчөлөрүнүн катышуусу.
Профессор Ишенбай Молдоташев катышуучулардын жогорку деңгээлдеги даярдыгын белгилеп, Кыргызстандагы тез жардам системасынын келечектүү болоруна ишенимин билдирди. Декан Чолпон Мамбетова Тез жардам медицина борборунун базасында практикадан өтүп жаткан студенттер үчүн мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн баса белгилеп, уюштуруучуларга ушундай маанилүү окуянын бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. «Адам» Университети Тез жардам медицина борборуна кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирет жана бардык медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт!