Жаңылыктар жана окуялар

28.01.2026

2026-жылдын 28-январында Енсонг университети (Түштүк Корея) менен кызматташуунун алкагында аталган окуу жайдын волонтерлорунун жана профессорлорунун катышуусунда биргелешкен иш-чара болуп өттү

2026-жылдын 28-январында Енсонг университети (Түштүк Корея) менен кызматташуунун алкагында аталган окуу жайдын волонтерлорунун жана профессорлорунун катышуусунда биргелешкен иш-чара болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар баалуу тажрыйба алмашып, бири-биринин маданияты, каада-салты жана улуттук өзгөчөлүктөрү тууралуу көптөгөн жаңы маалыматтарды алышты, ошондой эле өз өлкөлөрүндөгү жашоо жана билим алуу тууралуу кызыктуу фактылар менен бөлүшүштү.
Иш-чаранын өзгөчө бөлүгү практикалык маданий программа болду: биздин студенттер менен бирге Түштүк Кореядан келген коноктор корейлердин улуттук тамагын даярдашты. Тамак бышыруу процесси жылуу жана достук маанайда өтүп, иш-чара катышуучуларга жаркын таасирлерди жана позитивдүү эмоцияларды тартуулаган биргелешкен дегустация менен аяктады