28.08.2025
2025-жылдын 25-августунда университетте биринчи курстун студенттери менен расмий жолугушуу болуп өттү
2025-жылдын 25-августунда университетте биринчи курстун студенттери менен расмий жолугушуу болуп өттү. Иш-чара университеттин ректорунун куттуктоо сөзү менен ачылды. Программанын алкагында окуу иштери боюнча проректор, ошондой эле департаменттердин жетекчилери менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуунун жүрүшүндө окуу процессине байланыштуу негизги маселелер талкууланып, студенттердин ийгиликтүү адаптациясы үчүн маалымат берилди. Ошондой эле суроо-жооптун негизинде, биринчи курстун студенттери өздөрүн кызыктырган бардык темалар боюнча толук жоопторду алышты.