Жаңылыктар жана окуялар

24.03.2026

2026-жылдын 24-мартында Адам Университетинде медициналык клиниканын жетекчилиги менен жумушчу жолугушуу болуп өттү

2026-жылдын 24-мартында Адам Университетинде медициналык клиниканын жетекчилиги менен жумушчу жолугушуу болуп өттү. Анда медициналык кадрларды даярдоо жаатындагы кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Жолугушуунун алкагында университеттин клиникалык базасын өнүктүрүү, студенттердин практикалык даярдыгын кеңейтүү жана саламаттыкты сактоо уюмдары менен өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар биргелешкен ишмердүүлүктүн багыттарын, анын ичинде клиникалык практиканы уюштурууну, тажрыйбалуу адистердин билим берүү процессине катышуусун жана студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандыруу үчүн шарттарды түзүүнү карап чыгышты.

Бул демилге АДАМ Университетинин стратегиялык артыкчылыктарына ылайык, медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана профилдик уюмдар менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган.

Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү жана клиникалык базаларды окуу процессине интеграциялоо механизмдерин иштеп чыгуу боюнча макулдашууларга жетишилди.