27.02.2026
21-февраль –Эл аралык эне тил күнү!
2026-жылдын 26-февралында Адам университетинде Эл аралык эне тил күнүнө карата «Тил достуктун ачкычы» аттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш чаранын максаты: дүйнө элдеринин тилдик жана маданий салттары менен тааныштыруу, сабырдуулукка жана диалогго негизделген тилектештикти бекемдөө.
Университетте 1-курстун студенттеринин арасында эң мыкты кереге гезиттерге сынак өткөрүлгөн.
«Экономика», «Менеджмент»,«Бизнести башкаруу»,«Туризм» багыттарынын жана «Дарылоо иши» адистигинин студенттери «ЮНЕСКО - Бириккен Улуттар Уюмунун адистештирилген уюму», «Народы мира по языковым семьям и группам» жана «Знаете ли Вы? » мазмундуу презентацияларды даярдап, классикалык кыргыз күүлөрүн чеберчилик менен аткарып, эне тил жөнүндө акындардын ырларын көркөм окуп беришти. Жогорку медицина мектебинин GM-2- 23 (2)группасынын студенттери Muhammad Yonas, Muhammad Musa Shafig,Bibi Jaweria жана Imran Fatima кыргыз тилинде макал -лакаптарды айтып беришти, GM -3-23(2) группасынын студенти Polamuri Reshal өзүнүн эне тили тууралуу презентацияны тартуулады.
Иш-чараны өткөрүүдө 1- курстун Э-1-25, М-2-25 ,УБ- 3-25,Т-4-25, ЛД-6-25 группаларынын студенттери активдүү катышышты.