(Русский) СТУДЕНЧЕСКАЯ ЖИЗНЬ

СТУДЕНТТИК ТУРМУШ

Академияда студенттердин маданий жана атуулдук көз карашын, патриоттук сезимин  жана лидерлик сапатын калыптандырууга өзгөчө көңүл бөлүнөт. 1997-жылдан бери БФЭА да башкаруу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү, билим берүү сапатын баалоо, академиянын жашоосуна катышуу максатында Студенттик өкмөт иш алып барат. Студенттер ар кандай жаштар проектилердин жана программалардын катуушуучулары, интеллектауалдык оюндардын, кароо-сынактардын, илимий-конференциялардын жеңүүчүлөрү.

Активдүү студенттер SIFE-Enactus, AIESEC ж.б. эл аралык студенттик уюмдардын катышуучулары. 2012-жылы академиянын SIFE-Enactus республикалык мелдештердин жеңүүчүсү жана чемпиону катары АКШ Бүткүл дүйнөлүк мелдештин катышып, үчүнчү орунду ээлеген.

Студенттердин өзүлөрүнүн БФЭА-Пресс газетасы чыгат, анда студенттик жаңылыктар, окуудагы, коомдук жашоодогу жана спорттогу жетишкендиктер чагылдырылып, журналисттик жана поэтикалык жөндөмдүүлүгүн сынашат.

 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине таазим этүү жаштардын милдети. Жыл сайын Баатырлар аллеясында согуштун ардагерлерин жана тылдагы иштеген адамдарды  9-Май Жеңиш күнү менен куттуктоо салтка айланган. Республикабыздын белгилүү адамдары менен “Өмүр сабактарында”  аттуу жолугушуу кечелеринде студенттер моралдык баалуулуктарга, коюлган максаттарга жетишүүгө жана кесиптик чеберчиликке үйрөнүшөт.

Студенттер “Студенттерге ыйгаруу күнү”, “Эл аралык студенттердин күнү”, “Нооруз” ж.б. майрамдарда, ар түрдүү конкурстарда  көркөм чыгармачылыгын жана талантын көрсөтүшөт. Жүрүштөрдү сүйүүчүлөр туризм секциясына катышышат.