Учредитель БФЭА

4545

Мавлянов Абдырахман Субанкулович – КР Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасы, т.и.д., проф., КР УИА нын мүчө-корр., КР эмгек сиңирген кызматкери, 1994-2012-жж. БФЭАнын ректору Бизге -20 жыл. Жождун өлчөмү менен  – бул окуу жайдын башталышы. Адамд жашоосунунун олчөмү менен – бул иштин жыйынтыгын чыгаруучу, баалуулуктарды, багыттарды текшерүүчү, өнүгүүнүн жаңы жолдорун аныктоочу мөөнөт.

Ар бир уюмдун өзүнүн келечекти кура турган  философияны, принципти чагылдырган “өзөктүү сөзү”, квинтэссенциясы болуш керек. Менин оюмча, биздин академия үчүн өзөктүү сөз “атаандаштык” болуп саналат. Биринчиден, бизнес жана экономикалык билим берүүнү өнүктүрүүчү бизнес-компаниядан түзүлгөн академия, улуттук жана эл аралык рынок эмгегинде атаандаштыкка жөндөмдүү, экономика жаатында жаңы ойлорду өркүндөтүүчү студенттерди даярдоо максатын көздөйт.

Экинчиден, мамлекеттик эмес жож катары, биз үчүн, билим берүү чөйрөсүндө атаандаштык жогорку жөндөмдүүлүккө ээ болуу маанилүү. Акырында,  рынок институттарын өнүктүрүүгө көмөктөшүп, квалификациялуу адистерди даярдап чыгарабыз  жана прикладдык илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, республикабызда атаандаштыкты күчөөтүүгө салымыбызды кошуп келебиз.

БФЭА өзүнүн 20 жылдыгын республиканын жогорку билим берүү системасында түп тамырынан бери модернизацияланган шартта белгилеп жаткандыгын жана биздин академия Ата мекендик жогорку мектептердин инновациялык векторун өнүктүрүүчү новатор-жождордун катарында экендигин өзгөчө белгилеп кетким келет. Биздин стратегиялык приоритеттин катарында докторлук даражаны жана сапаттуу камсыздандырууну өнүктүрүү, эл аралык аккредитация процедураларына өтүү, электрондук окутууну өнүктүрүү жана студенттерди жана бүтүрүүчүлөрдү колдоо болуп саналат..

20 жылдык юбилейде бардык кызматкерлерге, студенттерге жана биздин шериктештерге академиянын өнүгүшүнө кошкон зор салымдары үчүн терең ыраазычылык билдирем. Келечекте көптөгөн кызыктуу идеялар жана проектилер бар. Биздин милдет – билим берүү, илимий, инновациялык жана эл аралык кызматташтыкта көп прогресстерге жетишүү. Биздин күчүбүз жетээрине терең ишенем!