“Экономика” Программасы

 “ЭКОНОМИКА” ПРОГРАММАСЫ

Абыкеева Мээрим Абдылдабековна

   2005-жылы академиянын структурасында “Экономика” кафедрасы түзүлгөн. Анын негизги милдети – “Экономика” (бакалавриат) багыты боюнча жогорку кесипчилик билим берүү программасын ишке ашыруу.

Ишмердүүлүктүн негизги багыты европалык деңгээлде окуу, илимий жана билим берүү программасын колдонууга өбөлгө түзүү.

Программанын көрүнүктүү салымы – кредиттик технологияга өтүүчү  эксперименталдык план, магистрди даярдоочу программа,  компетенттүү мамилеге негизделген “Экономика” багытындагы адистерди даярдоочу жаңы билим берүү модели болуп саналат.

Программа “Экономика” микрокредиттик жана микрофинансылык уюмдар, ири банктар АКБ “Кыргызстан”, ЗАО “ЭкоИсламикБанк”, ОАО “Оптима Банк”, ОАО “Росинбанк” менен активдүү кызматташат. Алар программанын өнөктөшү гана болбостон, аларда бүтүрүүчүлөр ийгиликтүү эмгектенишет.