“Туризм” Программасы

ТУРИЗМ” ПРОГРАММАСЫ

“Туризм” программасы академиянын уюшулушу менен байланышкан.

Илим, билим берүү, маданияттын интеграцияланышы, тармак өкүлдөрү менен биргелешип иш алып баруу жана чет элдик кызматташуу – “Туризм” программасынын негизги приоритеттери.

Чет өлкөлүк ЖОЖдор менен бирге “Туризм” багыты боюнча бакалаврларды даярдоо программасы жана “Экологиялык туризм” багыты боюнча магистрлерди даярдоо эксперименталдык программа иштелип чыккан.

Жамааттын негизги иши Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясы менен кызматташуу. Биргелешкен изилдөөлөрдүн жыйынтыгы илимий, илимий-методикалык басылмаларда, макалаларда, маалымат каражаттарында, эл аралык конференцияларда жарыяланып турат. 2013-жылы программанын кызматкерлери эл аралык жыйнакта 13 макала жарыялашты.

Дисциплинанын спектри: экологиялык туризм, укмуштуу окуялуу туризм, студенттерге туристтик жүрүштөрдү уюштуруу тармак үчүн  практикалык баалуу болгон сууда, атчан, жөө, экологиялык туризм боюнча проект иштеп чыгууга өбөлгө түзөт.