Гуманитардык дисциплиналар департаменти

ГУМАНИТАРДЫК ДИСЦИПЛИНАЛАР ДЕПАРТАМЕНТИ

Боотаева  Бактыгуль Лембаевна

Социалдык-гуманитардык дисциплиналар департаментинде академияда 10 жылдан ашык эмгектенген, айрымдары академиянын түзүлгөнүнөн бери иштеген тажрыйбалуу, жогорку квалификациялуу  окутуучулар эмгектенишет. Алар билим берүү  процессинде окутуунун заманбап ыкмаларын жана инновациялык технологияларды, электрондук маалымат ресурстарды ийгиликтүү өздөштүрүшүүдө.

Окутуунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана өтүлүп жаткан сабакты жакшы өздөштүрүү максатында, окуу сабактары атайын жабдылган кыргыз мамлекттүүлүгү, манас таануу, кыргыз, орус, англис тилдери аудиторияларында өтүлөт.

Билим берүү процессинде Малекеттик тилди окутуу бир топ иш-чаралардын, “Мамлекеттик тил күнү”, белгилүү тилчи жана адабиятчы окумуштуулар менен жолугушуу, тегерек столдордун  өткөрүлүшү менен жүргүзүлөт.

 Англис тилин окутууга өзгөчө көңүл бөлүнөт. “Ишкерлик англис тили”, “Профессионалдык англис тили” курстары келечектеги адистигине керектелип, атайын терминдерди колдонууга, чет элдик коноктордун лекцияларын түшүнүүгө көмөкчү болот. Окутуучулар практикалык сабактарда жана тесттик тапшырмаларды түзүүдө TOEFL элементтерин активдүү колдонушат.

Департаменттин окутуучуларынын көбү куратор болуп, 1-курстардын студенттерине ЖОЖдун окутуу системасына адаптацияланышына көнүл бөлүшөт. Студенттер менен бирге театр, музей, көргөзмөлөргө барышып, белгилүү инсандар менен жолугушуу өткөрүшүп турушат.