“Бухгалтердик Эсеп, Анализ жана аудит” Программасы

”БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕП, АНАЛИЗ ЖАНА АУДИТ” ПРОГРАММАСЫ

Абдыкаиров Токтоназар Абдыкаирович

2002-жылы академиянын структурасында өз алдынча бөлүм катары “Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит” кафедрасы уюшулган. Бухгалтердик

эсеп, анализ жана аудит боюнча адистерди даярдайт. “Экономика” багытындагы, “Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит” профили боюнча бакалавр, магистр, PhD программаларын иш жүзүнө ашырышат.

Программанын профессордук-окутуучулар курамы жана чакырылган практиктер МСФО жана МСА боюнча билимге ээ болуучу жаңы деңгээлдеги адистерди даярдайт жана Кыргызстандын жана чет мамлекеттин эмгек рыногунда бааланган заманбап билим берүү программаларын ишке ашырышат.

 Бүгүнкү күндө программа КР Финансы министрлиги, Республиканын Мамлекеттик Финансы көзөмөлдөө, ОО “КР бухгалтердик жана аудиторлук палатасы”, ОО “Бухгалтердин жана аудиторлордун бирикмеси”, “Кыргызаудит” аудитордук фирмасы, ж.б. чарбалык субьектилер менен ишкердик, илимий жана чыгармачыл тыгыз байланышта.

Жыл сайын студенттер ЖОЖдор аралык конференцияларда, конкурстарда, бухгалтердик эсеп боюнча республикалык олимпиадаларда активдүү катышып, алдыңкы орундарды ээлеп, КР ББжИ, республиканын Мамфинкөзөмөлдөө грамоталары менен сыйланып келет.

Студенттерге эл аралык кесипчилик “Сертификацияланган бухгалтер практик” (САР) жана “Сертификацияланган эл аралык профессионалдуу бухгалтер” (СIPA) сертификаттарды берүү курстарын жана тренингдерди окууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.