logo

Бүгүн АДАМ  университети Г.В.Плеханов атындагы РЭУ Пермь институту(филиалы)  менен биргеликте «Ишенимдүү керектөө тутумундагы он-лайн бизнес жана тармактык өнөктөштүк»  темадагы онлайн талкуу өткөрдү. Дүйнөдөгү экономикалык кырдаалга жана бардык чөйрөлөрдүн иш-аракеттери интернет мейкиндигине өткөндүгүнө байланыштуу, азыркы учурда бул тема актуалдуу. Вышенский Михаил Юрьевич (Г.В.Плеханов атындагы РЭУ (филиалы) Пермь институтунун Менеджмент жана укук кафедрасынын доценти, т.и.к.) «Бизнес жана онлайн тегиздигине өтүү, анын актуалдуулугу жана учурдагы кырдаалдагы ишенимдүү керектөө тутумунун тармактык өнөктөштүгү»  темасында презентация жасады. Университеттин атынан Батырканова Гульнара Дженбековна (экономика илимдеринин кандидаты, доцент, АДАМ  университетинин илимий иштери боюнча проректору) «Кыргыз Республикасынын банк секторундагы онлайн бизнес процесстери» жана Акылбекова Нелли Ильинична (Адам университетинин «Менеджмент жана туризм» программасынын жетекчиси) «Санариптештирүү Кыргыз Республикасынын банк секторунда онлайн-бизнести өнүктүрүүнүн платформасы катары» аттуу баяндама жасашты. Бул талкуу эки окуу жайдын биргелешкен ишмердүүлүгү, кызматташуунун жана өнөктөштүктүн мыкты иш-аракети. Бул иш-чара студенттер жана башка катышуучулар үчүн илимий ойдун жана кесиптик иштин үлгүсү болуп калды.

Онлайн жолугушуудагы талкуунун катышуучуларына  ыраазычылык билдиребиз!

on-line discussion Adam