logo

СЫНАКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

Эл аралык китеп күнү сынак түрүндө өткөрүлүп, анда милдеттүү түрдө окуй турган  китептердин тизмеси берилген.

Бул сынакта 1-курстун студенти Рысбаева Руфина жеңүүчү болду. Ал мындай дейт: “Мен китеп аз окуйм, “Фаренгейт боюнча 451 градус” деген китепти сунуштап калышты. Чыгарма абдан жагып калды, адегенде анын кириш сөзү көнүлүмдү бурду. Жазуучу (Рэй Бредбери) окуя болгон жерге барууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бул чыгарма бүгүнкү күндөгү чындыкты чагылдыргандай. Китептерге кайдыгер мамиле кылуу эмнеге алып келет? Чынында бүгүнкү күндө китеп окугандар аз санда. Баарыбыз “компьютердик оюндарга” алаксып, социалдык тармактарда  5-6 саат отуруп, интернеттен чыкпайбыз. Өткөн кылымдын 40-50-жылдарында бул китепти жазуу менен келечекти көрө билип, сезип, ал тургай эскертүү бергени абдан таң калыштуу. Тилекке каршы, китеп көп окубасам да, бул чыгарманы бир дем менен окулду. Албетте адамдардын табити ар кандай, бирок бул китеп абдан кызыктуу.  Бул чыгарманы окугандан кийин, китептер кандай маанилүү экендигин түшүнөсүз”.

Бул китептен алынган цитата:

“Биз адамдар баалуулуктарды баалабай турган доордо жашап жатабыз. Бүгүнкү күндө адам кагаз салфеткасындай, алар менен мурдун аарчыйт, бүктөйт, тоголоктойт,анан ыргытат, кайра жаңысын алат, аны да мурдун аарчыйт, бүктөйт, тоголоктойт, анан ыргытат.  Адамдар адамдык жүзүн жоготушту. Чынында Рэй Бредберинин “Фаренгейт боюнча 451 градус” романы, айрыкча Эл аралык китеп күнүндө, өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Окуу, өнүгүү, эркин ойлонуунун маанилүүлүгү- адамдын инсан катары калыптанышынын ачкычы.

 

Башка окурмандар калтырган китептердин тизмеси:

Классика:

-Рэй Брэдбери “Вино из одуванчиков”
-Джек Лондон “Мартин Иден”
-Сомерсет Моэм “Острие бритвы”
-Чынгыз Айтматов “Когда падают горы”
-Дэниел Киз “Цветы для Элджернона”
-Маргарет Митчелл “Унесенные ветром”
-Джейн Остин “Гордость и предубеждение”
-Виктор Мари Гюго “Собор парижской богоматери”

 

 

Заманбап адабияттар:

-Халед Хоссейни “Бегущий за ветром”
-Пауло Коэльо “Алхимик”
-Пола Хокинс “Девушка в поезде”
-Джоджо Мойес “Счастливые шаги под дождем”

 

Мотивациялык адабияттар:
-Роберт Кийосаки “Богатый папа, бедный папа”
-Уильям Макрейвен “Заправляй кровать”
-Марк Мэнсон “Тонкое искусство пофигизма”
-Робин Шарма “Монах, который продал свой Феррари”
-Аид аль-Карни “Не грусти”
Сиздер кайсы китептерди окуйсуздар?

94978194_1153433734826972_1213761378507030528_n