Адам Университети (Бишкек финансы-экономикалык академиясы) РЭУнун (филиалы) Пермь институту, Казпотребсоюз (Казахстан Республикасы) Караганда экономикалык университети менен биргеликте «Бизнес-идеялар 2020» IX Эл аралык сынактын тең уюштуруучусу болду жана студенттерди катышууга чакырат.
Сынакка ким катыша алат?
Сынакка окутуунун формасына карабастан жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери.
Бизнес-идеянын темалары кандай?
Сынакка төмөнкү багыттагы долбоорлор кабыл алынат.
- кызмат көрсөтүү жана инновациялык өндүрүш продукциялары
- IT-технология
- инновациялык бизнес
- аймактарда туризмди өнүктүрүү
- ар түрдүү айыл чарба продукцияларын өндүрүү
- товарларды сатуу жана тейлөө кызматынын жаңы ыкмалары
Сынак 2 этапта өтөт.
-Биринчи этап (Сырттан). Сынактын катышуучуларын тандоо 15.04.2020 – 12.05.2020 чейин өтөт.
-Экинчи этап (online). Бизнес-долбоорлорду презентациялоо жана сынактын жыйынтыгы 25.05.2020 – 01.06.2020 чыгарылат.
Толук маалыматты http://www.rea.perm.ru/?p=1990 шилтемеден же Халикова Аида Акрамовнага кайрылсаңыздар болот. +996999411000 (WhatsApp) же 0555288989 (чалуу үчүн).