logo

«Пандемиянын экономика тармактарына тийгизген таасири» аттуу онлайн тегерек столдун өтүшү

Адам университетинин «Менеджмент жана туризм» программасы онлайн режиминде эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте «Пандемиянын экономика тармактарына тийгизген таасири» аттуу тегерек стол өткөрдү. «Менеджмент жана туризм» программасынын доценттин м.а. Рыскулова М.К. тегерек столдун модератору болду. Германия, Грузия, Норвегия, Россия жана Кыргызстандык адистер катышкан онлайн жолугушууну «Менеджмент жана туризм» программасынын жетекчиси, э.и.д., доцент Акылбекова Н.И. ачты. Шота Руставели атындагы Батум мамлекеттик университетинин (Грузия) туризм факуьтетинин деканы, профессор Р.Беридзе карантин шарттарынын Грузиядагы туризмге тийгизген таасири жана учурдагы туризм чөйрөсүндө суроо-талапты калыбына келтирүү келечеги тууралуу ой бөлүштү. Окуу жайдын дагы бир өнөктөшү Норвегиядагы маркетинг боюнча консультант Т. Абесадзе мамлекеттин элге жана туриндустрия ишканаларына көрсөткөн жардамы жөнүндө айтып берди. Россиянын Находка шаарындагы мейманканын ээси Д. В. Присяжнюк Россиядагы абал менен тааныштырып, пандемияга байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү жолдору жана ыкмалары жөнүндө ой бөлүштү. “AFFA –travel» туркомпаниянын жетектөөчү менеджери, биздин окуу жайдын бүтүрүүчүсу Э.Дыйканбаева Кыргызстандагы туристтик сектордун абалы тууралуу баяндап берди. Вебинардын катышуучулары туризм индустриясынын өнүгүшүн талкуулашты. “SAY SEE DO” турфирмасынын директору Б. А. Солтонбаева Кыргызстандагы туристтик “кризисти” жеңүү боюнча өзүнүн көз-караштары менен бөлүштү. Ишкерлерден жана чет элдик адистерден тышкары, борбор калаанын ЖОЖдорунун окутуучулары туризмди, ошондой эле экономиканын башка тармактарын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ж. Баласагын атындагы КУУнун доценти, э.и.к. Байчубекова Б.Б. Кыргызстандын 2020-ж. экономикасы тууралуу баяндап берди, ал эми каржы жана экономикалык маселелер боюнча «Менеджмент жана туризм» программасынын доценти, көз карандысыз эксперт, саясатчы жана коомдук ишмер Байгуттиев С.С. пандемиянын банк секторуна тийгизген таасири жөнүндө өзүнүн көз-караштары менен бөлүштү. КЭАУнун ага окутуучусу жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти, э.и.к. Мамбетова А.А. экономикалык кризистен чыгуунун эң натыйжалуу жолдорунун бири – импорттук алмашуу деген пикирлерин билдиришти. Чек араларды жаап, оффлайн режиминде жолугушууларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүнөн четтеткен пандемия, онлайн конференцияларды, тренингдерди жана вебинарларды өткөрүүгө түрткү берди. Ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, AДАМ университети жергиликтүү жана чет өлкөлүк эксперттер менен бул кризистен чыгуунун жолдорун биргелешип табуу боюнча пикир алмашышты.
#ADAMUniversity #BAFE