logo

2020-жылдын 10-апрелинде АДАМ университетинин Гуманитардык жана фундаменталдык дисциплиналар департаментинин доценти, п.и.к. Абдыкадырова М.Б. Moodle электрондук платформаны жана Zoom системаны колдонуу аркылуу «Кыргыз тили жана адабият» дисциплинасы боюнча 2-курстун Э-1-18 жана Э-2-18 группалары менен сабак өттү. Студенттердин WhatsApp группасына ID онлайн конференция аркылуу сабак өтүлө тургандыгы тууралуу эскертүү эрте берилди. Өтүлгөн теманы бышыктоодо Moodle платформасында жүктөлгөн презентация колдонулуп, студенттерге суроолор берилди. Сабактын жаңы темасын түшүндүрүүдө Moodle платформасындагы жайгаштырылган теманын теориялык бөлүгү, көнүгүүлөр колдонулду. Сабак Zoom системасы аркылуу өткөндүктөн, студенттер жандуу катышып, кызыктуу суроолор берилди. Окутуучу студенттердин сабакка активдүү катышкандыгын баалап, дагы бир жолу карантин эрежелерин сактоону эскертти.