logo

Узартылган карантин. «Пандемиянын дүйнөлүк экономикага тийгизген таасири» аттуу зум – конференция болуп өттү. Уюштуруучулар Адам университетинин «Менеджмент жана туризм» программасы. Бул иш-чарага Норвегия, Грузия өнөктөштүк университеттердин, Россия, Германия жана Кыргызстандын турбизнестеринин өкүлдөрү катышып, туристтик чөйрөдөгү бүгүнкү абал тууралуу көйгөйлөр менен ой бөлүштү. КАТО жана TUK менен биргеликте студенттер, мектеп бүтүрүүчүлөр үчүн вебинарларды уюштуруу пландаштырууда. Бул долбоор студенттерди, жогорку класстын окуучуларын туристтик, мекен таануу сабактарын мыкты өздөштүрүүгө жардам берет, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесиптик багыт берүүгө көмөктөшөт, биздин өлкөнүн маданий жана тарыхый баалуулуктары жөнүндө билим деңгээлин жогорулатат. Туристтик тармактагы өнөктөштөр үчүн биздин вебинарлар алардын жөндөмүн жана билим деңгээлин жогорулатууга, жаңы жана кызыктуу туристтик өнүмдөрдү иштеп чыгууга, өнүгүүдө санариптик каражаттарды колдонуу боюнча билим алууга жардам берет деп үмүттөбүз. Ден соолук жана ишиңерге ийгиликтерди каалайбыз!
photo_2020-04-17_12-26-45