logo
Артыкчылыктар үчүн колдонмолор
Азыркы учурда карантинде болсок да, ишибиз азайган жок, милдеттерди жана артыкчылыктарды
бөлүштүрүү кыйынга турат.
Анда АДАМ университети сизге жардам берген колдонмолордун тизмесин сунуштайт:
-Todoist – иштин тизмесин түзүү үчүн ыңгайлуу колдонмо. Кээде таңкы 3.00до бейшемби күнгө
СӨАИ даярдаш керек деген ой келет, бирок сен жалкоолонуп тургуң келбейт. Todoist
тапшырмаларды аткаруу боюнча чоң жардам берет: жеке иштер, соода тизмеси, көрө турган
тасмалар/китептер боюнча.
-Pomodoro – тапшырма аткаруу учурунда сырттагы ызы-чууга алаксыгандарга ылайыктуу.
Дипломдук иш жазып жатып, телефонго алаксып, Инстаграмма кирип кетесиң. Pomodoro – 25
мүнөткө коюлган таймер, алаксып кеткениңизди эскертет. Ишти баштоо/ бүтүрүү үчүн 25 мүнөт
чыдамдуу болуу керек.
-Forest. Эгерде сизге Pomodoro да жардам бербей, WhatsApp билдирүүлөрдү окугуңуз же лайк
койгуңуз келип кайрадан алаксып кетсеңиз, анда Forest колдонмо сиз үчүн. Сиз кичинекей бакты
өстүрүп, иштөө убактыңызды көзөмөлдөп турсаңыз болот. Эгерде сиз бул колдонмодон чыккыңыз
келсе, “Сиз өзүңүздүн дарагыңызды кыюуга даярсызбы?” – деп сурап, ишти улантууга мажбурлайт.
Сиз кандай тиркемелерди колдоносуз? Сунуштарыңызды калтырыңыз!
93802323_1144521812384831_3740936065507131392_n