logo

Гуманитардык жана фундаменталдык дисциплиналар департаментинин дистанттык иштери

2020-жылдын 10-апрелинде Гуманитардык жана фундаменталдык дисциплиналар департаменти Zoom платформасы аркылуу аралыктан  кезектеги чогулушун өткөрүштү. Чогулушка департаменттин жетекчиси п.и.к., доцент Абдыкадырова М.Б., ага окутуучулар: Кубатбекова Ш.К., Касымова А.Н, Варшакидзе, А.Н., Сопуева Н.Ж., окутуучулар: Токтогулова Ж.А, Кубанычбек кызы А., Валиева А., Чалова М.К. катышты.

Күн тартибинде төмөнкүдөй маселелер каралды:

- Студенттерди Moodle, Zoom платформалары жана Whats App мессенджер аркылуу окутууну активдештирүү ;

- Студенттер  менен тыгыз байланышта болуу;

- Кезектеги өтүүчү модулдук жана экзамендик тапшырмаларды даярдоо;

- Дистанттык окутуу боюнча жума сайын отчет берүү.

Окутуучулар студенттерди аралыктан окутуу боюнча ойлорун айтып, дистанттык технологияларды колдонуп сабак өтүү боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Чогулуштун жүрүшүндө департаменттин жетекчиси М.Б. Абдыкадырованын Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата иш-чара өткөрүү сунушун колдошту. Ошондой эле окутуучулар бир добуштан бөлүнгөн мектептер  менен байланышты үзбөй,  профориентациялык ишти улантууну чечишти.

 

93305508_1142046959298983_1805367559885684736_o
93021026_1142047029298976_8272861603490168832_o