logo

АДАМ университети Токмок аймактык ооруканага материалдык колдоо көрсөттү. Бүтүндөй дүйнө жүзү, анын ичинде Кыргызстан үчүн оор мезгилде, АДАМ университети COVID-19 илдети менен күрөшүүгө жардам берүү жооптуу милдет экендигин белгилейт. Пандемия менен күрөшүү үчүн 100 000 сом акча каражатын атайы эсепке которгондон тышкары, университет Токмок аймактык ооруканасынын медициналык кызматкерлерине даректүү колдоо көрсөтүүнү чечти. Окуу жай бир нече жолу колдонула турган коргоочу костюмдардын комплекттерин, медициналык респираторлорду жана көз айнектерди,  80000 сомго антисептикалык каражаттарды жардам катары берди. “Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү пандемия менен күрөшүүдө, өлкөбүздөгү абалды туруктуу кармоодо дарыгерлердин жана медицина кызматкерлеринин күч-аракеттери зор. Медицина кызматкерлери өмүрлөрүн тобокелге салып эмгектенишүүдө. Жарандык коом катары, аларга материалдык жана эмоцианалдык колдоо көрсөтүү үчүн, өзүнчө обочолонуп үйдө болушубуз керек” – дейт АДАМ университетинин ректору С.Р.Сирмбард. Оорукананын директору Б.К. Исаева коронавирус менен күрөшүүдө көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди жана зарыл болгон жеке коргонуу шаймандары кызматкерлерге коопсуздукта иштөөгө жардам берет деген ишеничте.

АДАМ университети биздин коопсуздугубузду камсыз кылган жана ден соолугубузга кам көргөндөргө терең ыраазычылык билдирет.

Биз сиздер менен!

photo_2020-04-08_17-15-49 (2)