logo
Кызыктуу туризмдин ардактуу ардагери Михалычты (аны ушинтип сылык аташат)
ким тааныбайт? Таанышып алыңыздар – бул Михайлов Михаил Михайлович. Ал
биздин кесиптешибиз, Адам университетинин ардагери, досубуз. Азыркы
кырдаалда аралыктан иштөө Михайловго айрым кыйынчылыктарды жаратты.
Анткени М.М.Михайловдун сабактары – тоого саякаттодо керектелүүчү бекемдегич
шаймандарды жана каражаттарды көрсөтмөлүү көрсөтүү, алгачкы медициналык
жардам берүү, альпинистик түйүндөрдү туура бекитүү, алачыктарды бекем
орнотуу, тоодон туура жолду тандоо жана тоодо жүрүү багыттарды ж.б. үйрөтүү.
Бүгүнкү күндө Михайловдун сабактары он-лайн режиминде Whatsapp тиркемеси
аркылуу жана сунуштулган шилтемелерден видеоматериалдарды көрүү аркылуу
өтүүдө. Сабакка катышкандарды белгилөө менен сабакты баштайт, ушул жерден
Михалычтын, ким 5 мүнөт кечиксе, ырдайт, ал эми 10-15 мүнөт кечиксе, кетип
калган автобустун артынан ырдап бийлейт- деген сүйүктүү фразасын угууга болот.
Иш уланууда. Артка жол жок. Баарыңарга күч-кубат жана ден солук!
Жакындарыңызга кам көрүңүз!
91518721_3182426415142598_4348855048072069120_o
91539404_3182426451809261_8293242185382363136_o