logo
КООПСУЗ ЖАНА КЫЗЫКТУУ.
“Менеджмент жана Туризм” программасынын окутуучусу Неевина Елена Анатольевна онлайн
аркылуу мына ушундай аталыштагы сабактарды өтөт. Ал өзүнүн сабактарында университеттин
электрондук платформасы Moodle жана What’sApp колдонмосун пайдаланат.
Елена Анатольевна студенттер белгиленген убакытта аткаруучу семинардык жана практикалык
сабактардын суроолорун Moodle платформасына өз убагында жүктөйт. Платформадагы чат
байланышы аркылуу курстук иштин темаларын талкуулайт жана сабак боюнча онлайн кеңештерди
берет. Студенттер ар бир сабактын башында жана аягында жаңылык форумунда сабакка
катышкандыгы тууралуу катталышат. Елене Анатольевна электрондук платформанын
“Катышуучулар” терезечесинен ар бир студенттин кыймылына көз салат. Студенттердин сабакка
активдүү катышуусу – бул предметке болгон кызыгууларын жана окутуунун сапаттуулугун
тастыктайт.

91580489_3182054688513104_6831054224822894592_o

91590327_3182054698513103_7788344332783714304_o

91742388_3182054711846435_4862763402755309568_o