logo

ZOOM ПРОГРАММАСЫН КАНТИП КОЛДОНУУ КЕРЕК?

Инновациялык технологияларды колдонуу жашообузду жакшы жакка өзгөртөт жана бүгүнкү кырдаалда аралыктан иштөө үчүн ZOOM программасы абдан ыңгайлуу.

Окуу жайлар гана эмес, мамлекет башчылары да жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү Zoom аркылуу өткөрүп жатышат.

Бул программанын артыкчылыгы эмнеде?

Сапаттуу үн жана видео, окутуучуларга сабак өтүүдө абдан керектүү.

конференцияны жазып сактоо, студенттерге сабактан тышкары дагы угууга жардам берет.

пландаштырууга ыңгайлуу. Окутуучу өтө турган сабакты эскертет же  боло турган сабак тууралуу алдын ала “эскертүү”  бере алат.

жамаатык жана өзүнчө чаттар. Тайпалык топ теманы чогуу талкуулашат, ошондой эле студенттер кызыккан суроолорун окутуучуга өзүнчө берсе болот.

Аралыктан билим берүү сапатын камсыздоодо жана окутуучу менен студенттердин  ыңгайлуу иштөөсүн уюштурууда бул программаны колдонуу жеңил. АДАМ университети  ZOOM программасы менен иштөөнүн кыскача көрсөтмөсүн түздү.

Аны менен https://moodle.bafe.edu.kg/шилтемеси аркылуу таанышсаңыздар болот.

Аралыктан окутуунун мыкты үлгүсүн ага окутуучу Иманалиева Чинара Анваровнанын “Информациялык жана компьютердик технологиялар” предмети боюнча “Функциялардын графигин түзүү” темадагы  ZOOM программасы аркылуу өткөн сабагынан көрө аласыздар. Бул сабак YouTube жүктөлдү, анткени студенттер лекцияны дагы бир жолу угуп, маселелердин чечилишин көрсөтмөлүү көрө алышат.  Эгерде сиз дагы Excel  программасы аркылуу теңдемелердин аткарылышына кызыкдар болсоңуз, анда шилтеме кириңиз.

91533551_1131933103643702_5900237870072856576_n
91621173_1131939943643018_3664663811471704064_o