logo

АДАМ Университети пандемия менен күрөшүү үчүн 100 000 сом акча каражатын бөлдү. Бүгүнкү күндөгү өзгөчө абалда ар бирибиздин милдетибиз – тартипти сактоо. Университеттин студенттери жана окутуучулары башкаларга аралыктан, ал эми окуу жайдын жетекчилиги каржылык жактан жардам берүүдө. Биримдик менен гана натыйжага жетебиз.
АДАМ Университетинин жамааты дарыгерлерге, күч түзүмдөрүнө жана биздин коопсуздугубуз үчүн камкордук кылган жарандарга терең ыраазылык билдирет. Биздин кошкон салымыбыз коронавирус менен күрөшүүгө жардам берет деген үмүттөбүз

photo_2020-03-26_18-40-55