logo1

ДИСТАНТТЫК ОКУУ

Дистанттык окуу – окуу программасын аралыктан гана окуу мүмкүнчүлүгү эмес, бул өз алдынча өнүгүү. Ал сынчыл ойломду жана өз алдынча иштөөнү калыптандырат.

Бүгүн “Экономика” программасынын э.и.к.,доценти Адамкулова Е.К. zoom системасы аркылуу “Статистика” дисциплинасы боюнча 2-курстун жана “Экономикалык талдоо” дисциплинасы боюнча 3-курстун студенттери менен on-line сабактарды өттү. Zoom системасы аркылуу конференциянын мөөнөтү 40 мүнөт берилгендиктен, кайрадан кошулуп, сабак 1 саатка созулду.
Конференцияга 50%дан ашык студенттер катышты. Ар кандай себептер менен: начар интернет, тиркемелерди жүктөө жөндөмүнүн жоктугунан  студенттердин 20% катыша алган жок. Айыл жергесинде жашаган студенттер интернет аркылуу байланыша албай калышты. Тема боюнча негизги маселелер каралып, бышыктоо иретинде үйгө тапшырмалар берилди. Үйгө берилген тапшырмалар окутуучунун электрондук почтасына жиберилет.

Zoom_24_03_2020