logo1
21-февраль – Эл аралык эне тил күнү.
2020-жылдын 21-февралында АДАМ/БФЭА Университетинин 307-аудиториясында Эл аралык эне тил күнүнө арналган иш-чара болуп өттү.
Иш-чаранын максаты – дүйнө элдеринин маданий салттары менен тааныштыруу. Элдин эне тилин сактоо жана коргоо – азыркы мезгилдин актуалдуу көйгөйү болуп саналат, анткени азыркы мезгилде ар бир айда экиден тил жок болуп турат.
1-2- курстун студенттери «Улуулар айткан улуу сөз», «Юнеско-БУУнун билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча адистештирилген мекемеси», «Түрк тилинин тарыхы», «Русский речевой этикет», «Народы мира по языковым семьям и группам» аттуу кызыктуу презентацияларды, кереге газеталарды даярдашып, кыргыз, орус, түрк, англис тилдеринде ырларды аткарышты.
Э-1-19 группасынын студенттери «Сиздер билесиздерби?» темасында тил жөнүндө кызыктуу фактыларды, маалыматтарды окуп беришти.
Иш-чарага окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору, доцент Жамангулов А.А., программалардын жетекчилери чакырылды.
Иш-чара ГФДДнын окутуучулары, 1-2-курстардын студенттери тарабынан уюштурулган.
21.02.2020
ГФДД

21.02.20 международный день родного языка