10.02.2020-ж. биология илимдеринин кандидаты Жусупбаева Айгуль Бишкек шаарындагы канаттуулар тууралуу конок лекция өттү. Студенттер шаардагы канаттуулардын түрлөрү, алардын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири жана экология жөнүндө маалымат алышты. Канаттуулардын ар түрдүүлүгүн сактоо жана аларды шаардык аймакка жайылтуу маселелери талкууланды. Лекциянын жыйынтыгында канаттууларды көбөйтүү үчүн шаарды көрктөндүрүү зарыл деген тыянакка келишти.