logo1

2019-жылдын 10-декабрында Адам университети КР Билим берүү жана илим министирлиги жана Конрад Аденауэр фонду менен биргеликте “Санарип Кыргызстан: университеттер келечектеги көндүмдөрдү өнүктүрүү драйверлери катары” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүштү.

Конференциянын максаты – өлкөнүн санариптештирүүдөгү университеттердин ролу, ар кандай социалдык группалардын келечектеги жаңы көндүмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле “Санарип Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациялоо Концепциясынын алкагында билим берүү мекемелеринде электрондук технологияларды колдонуу тажрыйбаларын талкулоо. Конференцияга КР Өкмөт Аппаратынын, КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Н.Оморов, «Электрондук өз ара аракеттенүү борбору» МИнин ИТ-аналитиги, КР Жогорку технологиялар паркынын директору, Министрликтер жана ведомстволордун, донордук уюмдардын (КР Европа уюмунун, Конрад Аденауэр атындагы фондунун, КР Erasmus+ Улуттук фондунун, «Сорос-Кыргызстан» Фондунун ж.б. делегациялары), 20дан ашык жогорку окуу жайлардын, 4 көз карандысыз аккредитациялоо агенттигинин, колледждердин, студенттердин жана жумуш берүү ассоциацияларынын өкүлдөрү, эл аралык жана улуттук талдоочулар катышты. Конференцияда өлкөнүн санариптик өнүктүрүү, ар кандай социалдык группалардын келечектеги жаңы көндүмдөрүн жогорулатуу, билим берүү мекемелеринде электрондук технологияларды колдонуу тажрыйбалары боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Конференция эки сессиядан турат:

1. Санарип келечек үчүн жаңы көндүмдөр

2. Санарип университет: мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар

кийин, панелдик талкуу уюштурулуп, анда баяндамачы котөргөн маанилүү жана кызыктуу маселелер талкууланды.

 

Цифровой Кыргызстан 2019

 

 

Презентации докладчиков:

  1. Опыт разработки МООС в Университете Адам
  2. Востребованные кадры в Парке высоких технологий КР
  3. Роль университетов в цифровой экономике: новые стратегии
  4. Gurinov_A_09_12
  5. Tamo_09_12_IOE MENTORING Presentation ADAM Russian
  6. Информационная компетентность преподавателя_АДАМ_10.12.19
  7. Цифровые навыки педагогов и обучающих в контексте задач развития страны