logo1

Жарыя!

Адам университетинин студенттери (II, III жана IV курстар) жана магистранттары!
Конрад Аденауэр атындагы Фонд “Sur – Place” стипендиясына сынак жарыялайт.
Стипендия 6 айга берилет, эгерде стипендиат  мыкты ийгиликтерди көрсөтсө, дагы 6 айга созулат.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди немец же англис тилдеринде өткөрүү керек:

Стипендияга талапкер сүрөтү чапталган анкетаны толтуруу зарыл. Анкетанын формуляры тиркемеде (https://www.kas.de/documents/279755/279804/Bewerbungsfragebogen.pdf/61a65633-a527-23d3-3134-e29df1b66a88)

Таблица түрүндө  нем./англ. тилдеринде толук резюмеси

Окуу максаты жана алган билимдерин келечекте кесиптик ишинде колдонуу планы тууралуу кыскача нем./англ. тилдеринде негиздөө каты (максималдуу 2 бет.)

Орто билими тууралуу аттестаттын көчүрмөсү нем./англ. тилдеринде

Зачеттук китепчесиинин көчүрмөсү нем./англ. тилдеринде

Жогорку билими тууралуу тиркемеси менен дипломдун көчүрмөсү нем./англ. тилдеринде (магистанттар үчүн)

ЖОЖдун эки окутуучусунан нем./англ. тилдеринде контакттык телефону же электрондук почтасынын дареги көрсөтүлгөн сунуштама, анда талапкердин окуудагы, саясий, коомдук ишкердигине баа берилет.
окуугандыгы тууралуу справка (түп нускада) нем./англ. тилдеринде
ден соолугу тууралуу справка нем./англ. тилдеринде

Бардык документтер бир экземплярда Тышкы байланыштар бөлүмүнө тапшырылат.

Билими тууралуу документтер ЖОЖ аркылуу күбөлөндүрүлүшү керек.

Документтер 2019-ж.21-ноябрына чейин кабыл алынат.

Бардык суроолор боюнча Тышкы байланыштар бөлүмүнө кайрылыңыздар. 309 каб.

Тел.: +996 312 39 22 78.