logo

«Birdwatching – канаттууларга байкоо жүргүзүү». Студенттердин
айлана-чөйрөгө болгон мамилесин, жаратылышты коргоо милдеттерин
калыптандыруу- билим берүүнүн маанилүү милдеттеринин бири. Бардык
тирүү жандыктарды коргоо жана камкор көрүү аркылуу студенттердин
экологиялык маданиятын өстүрүү максатында Адам университетинин
«Экономика» жана «Менеджмент» багытынын 1-курстун студенттери үчүн
Э.З.Гареев атындагы ботаника багына «Birdwatching – канаттууларга байкоо
жүргүзүү» экскурсия уюштурулган. Студенттердин каалоосу боюнча экинчи
ирет кошумча экскурсия жүргүзүлдү. Техникалык жана усулдук ресурс
катары дүрбү жана канаттууларды аныктоочу сүрөт колдонулду. Экскурсия
учурунда төмөнкү канаттууларга байкоо жүргүзүштү: Кара таркылдак
Turdusmerula, Чоң кашка чымчык Parusmajor, Сагызган Picapica, Таранчы
Passerdomesticus; кыштоочу канаттуулар: Токой ала канаттуу таранчы
Fringillacoelebs, Чаар карга Corvusfrugilegus, Боз карга Corvuscornix,
Кыргоолдун Phasianuscolchicus шаңшыганын угушту. Ошондой эле ботаника
багынын өсүмдүктөрү менен таанышып келишти. Студенттер
жаратылыштагы мамилелердин байланышын, адам ишмердүүлүгү менен
табигаттын мыйзамдарынын шайкештиги маанилүү экендигин билишти.
Аларды кызыктырган суроолорго жооп алышты. Экскурсиянын
жыйынтыгында экономика багытынын студенттеринде “жашыл” бизнес-
идеялар пайда болуп, аны кызуу талкуулашты. Белгилеп кетчү маанилүү
нерсе, экскурсияга баруу идеяны студенттер шыктануу менен кабыл
алышып, үч жолу тең активдүү катышышты.

Наблюдение за птицами 2019