logo

«Экономика», «Туризм» жана «Менеджмент» багыттарынын 1-2-курсунун студенттери М.Ю. Лермонтовдун 205 жылдыгына карата «Лермонтов -түбөлүктүү жана өчпөс ысым» аттуу иш-чара өткөрүштү. Бул иш-чара жождо орус тилин окутуу программасынын алкагында өттү. Студенттер акындын өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө кызыктуу, мазмундуу баяндамаларды жасап, презентация жасашты. Ошондой эле М.Ю. Лермонтовдун ата мекен, сүйүү, жашоонун оң-терс жактары, өмүрдүн мааниси, келечек жөнүндөгү ырларын көркөм окушту. Өзгөчө активдүү катышкан алып баруучулар: Алиева А., Серегин С.( Э-2-18), Батыралиева Н. (Э-1-18) жана Т-4-19, Т-4-18, М-2-19, Э-1-19, Э-1-18 жана Э-2-18 группаларынын студенттерине ыраазычылык билдиребиз. Иш-чарага окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Батырканова Г.Дж., ДГФДнын жетекчиси доц. Абдыкадырова М. Б. жана департаменттин окутуучулары Варшакидзе А.Н., Касымова А.Н. жана Токтогулова Ж.А. катышышты. Бул иш-чара ДГФДнын ага окутуучусу Ш.К. Кубатбекова тарабынан уюштурулду.

ДГФД

Лермонтов 2019