logo

2019-жылдын 25-октябрында Адам университетинде «Экономика» багыты боюнча алгачкы (PhD) философия докторлоруна дипломдор тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүгүү стратегиясына ылайык 2013-жылы КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан
жождон кийинки кесиптик билим берүү пилоттук (PhD) докторлук программаларын жүзөгө ашыруу үчүн Убактылуу мамлекеттик талаптар бекитилген.
2013-жылы БФЭАда «Экономика» жана «Менеджмент» багыттары боюнча (PhD) философия доктору даражасын изденүү эксперименттик билим берүү программаларын уюштуруу иштерин баштаган.
Пилоттук (PhD) докторлук программалар БФЭА, Н.Исанов атындагы КМКТАУ, К.И.Скрябин атындагы КУАУ, Ж.Баласагын атындагы КУУ (ИИМОП), И.Раззаков атындагы КМТУда башталган. Кийин бул пилоттук программага КР Президентине караштуу Мамлекетти башкаруу академиясы кирген.
«Экономика» багыты боюнча (PhD) философия доктору дипломго ээ болгондор:
1. ТурдалыАрман Нуржан улы
Илимий изилдөө ишинин темасы: «Казакстан Республикасынын экономикасынын интеграциясы шартында айыл чарбанын инновациялык өнүгүшү».
Илимий кеңешчиси:э.и.д., проф. Абдыров Төлөнбек Шакирович
2. Ыскак Назира Пернебек кызы
Илимий изилдөө ишинин темасы: «Агро өнөр жай комплексинин өнүгүү көйгөйлөрү жана келечеги»
Илимий кеңешчиси: э.и.д., проф. Ишенов Бейшенбек Чонмурунович
3. Альпенова Баян Асановна
Илимий изилдөө ишинин темасы: «Салык салуу максатында салык эсептеринин теориялык жана уюштуруучулук-методикалык аспектилерин өркүндөтүү»
Илимий кеңешчиси: э.и.д., проф. СуранаевТуратбек Жамалбекович
4. АйтхожинаАлия Елеусизовна
Илимий изилдөө ишинин темасы: «Курулуш тармагындагы субьектердин экономикалык ишмердүүлүгүнүн заманбап көйгөйлөрүн талдоо, баалоо жана моделдөө: теориясы жана практикасы»
Илимий кеңешчиси: э.и.д., проф. Арзыбаев Атабек Алибекович
5. Турдалы Жулдыз Нуржан кызы
Илимий изилдөө ишинин темасы: «Экономиканын өнүгүүсүнүн заманбап шарттарында Казакстан Республикасынын салыктык башкаруусу: теориясы жана практикасы»
Илимий кеңешчиси: э.и.д., проф. Джолдошева Тамара Юлдашевна
6. Ашимбаев ТолендиАрипбаевич
Илимий изилдөө ишинин темасы: «Инновация доорундагы финансылык рынокту өнүктүрүүнүн заманбап тенденциялары»
Илимий кеңешчиси: э.и.д., проф. Саякбаева Айганыш Апышевна
ДКнын төрагасы: э.и.д., проф. Исраилов Мукаш Исраилович.

Сиздерди бул ийгилигиңиздер менен куттуктайбыз!

25.10.2019 PhD вручение дипломов