logo1

2019-жылы 20-сентябрда Адам университетинде «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын кабыл алгандыгынын 30 жылдыгына карата майрамдык салтанат болуп өттү. Майрамдык салтанатка окуу жайдын илимий иштери боюнча проректору Жамангулов А.А., гуманитардык жана фундаменталдык дисциплиналар департаментинин окутуучулары, 1-2- курстун студенттери катышты.
Майрамдык салтанаттын максаты:
- Студенттердин жан дүйнөсүнө улуттук тилдин, маданияттын, каада-салттын баркын жеткирүү:
- Студенттерди өз эне тилин, дилин, адат-салтын, маданиятын барктай, сыйлай билүүгө тарбиялоо.
Салтанат КР Мамлекеттик Гимни менен башталды. Майрамдык салтанатты Адам университетинин илимий иштери боюнча проректору Жамангулов А.А. ачып, профессордук-окутуучулар жамаатын жана студенттерди «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын кабыл алгандыгынын 30 жылдыгы менен кызуу куттуктап өттү. 1-курстун студенттери Э.Ибраевдин «Улут болсом – тилим менен
улутмун» аттуу эне тилге арналган ырын көркөм окуп беришти. 2-курстун студенттери Серегин Сергей жана Орлова Каринанын тил жөнүндө макал- лакаптарды айтуу боюнча таймашына, көрүүчүлөр кызуу кол чабышты. 1-курстун бийчилер тобу кыргыз бийин бийлешип, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулашты. 1-курстун студенттери кыргыз элинин залкар акындарынын ырларынан эне тил тууралуу көркөм ыр окуп беришти. Э-1-18, Э-2-18 группаларынын студенттери түрк тилдеринин тобу, кыргыз тил илимине салым кошкон окумуштуу-илимпоздор жөнүндө мазмундуу баяндамаларды жасашып, слайддар көрсөтүлдү.
2-курстун студенти Кимсанов Сыймык «Ата Мекен» жана 1-курстун студенти Заирбек уулу Адылбек «Кыргызстаным» аттуу ырларды чоң чеберчилик менен аткарып беришкендиктен, студенттер кызуу кол чаап колдошту. Салтанатка чейин социалдык тармактарда КР мамлекеттик тили жөнүндө окуу жайдын студенттерине суроолор берилип, салтанаттын жыйынтыгында туура жооп бергендерге белектер ыйгарылды.
Алар:

  1. Мухамединова Кыял Э-2-17 группасы
  2. Тюлюмбекова Жаркынай Э-1-17 группасы
  3. Муканбетов Арлен Э-1-17 группасы
  4. Сатанова Анжелика Э-1-18 группасы
  5. Рустамбеков Калыбек Э-1-19 группасы

Гуманитардык жана фундаменталдык дисциплиналар департаментинин жетекчиси Абдыкадырова М.Б.