logo1

10-11-сентябрда Адам университетинде «Кытай, Вьетнам жана Кыргызстанда ачык билим берүү жаатында туруктуу туризм боюнча бакалавр жана магистратура программаларын өнүктүрүү» (LMPT) ERASMUS+ долбоору боюнча Аристотель университетинин профессорлорунун конок лекциялары болот.

Профессор Захарула Андреопулу төмөнкү лекцияларды окуйт:

  • Жашыл туризм: көйгөйлөрү жана жакшы тажрыйбалары
  • Жаңы медиа жана жашыл туризм
  • Жашыл туризм үчүн интернет-мамилелер: кантип компетенттүү болуу керек

Экинчи лектор Грециянын Парнасс улуттук паркынын башкаруу президенти Фекла Цицони Грециянын улуттук паркынын иштөө тажрыйбасы менен бөлүшөт.
Лекцияларда практикалык иштер жүргүзүлөт. Бул иш чарага өзүңуз катышсаңыз же түз алып барууну көрсөңүз болот.
(https://www.facebook.com/events/231902727727455/) Фейсбуктан.
Оффлайн катышуучуларга сертификат берилет.