logo1

2019-жылдын 3-апрелинде Адам университетинин Гуманитардык жана фундаменталдык дисциплиналар департаментинин жетекчиси Абдыкадырова М.Б. жана ага окутуучу Кубатбекова Ш.К. КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулган «Мамлекеттик тилди эл аралык деңгээлдер боюнча окутуунун методологиясы жана технологиясы аталыштагы илимий-тажрыйбалык конференцияга катышып келишти. Конференцияга КР Президентинин Аппаратынын, КР Өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн жана республиканын билим берүү мекемелеринин, жождун окутуучулары катышып, жалпы билим берүүдөгү (мектепке чейин билим берүү, жалпы орто билим берүү, жождордо) мамлекеттик тилди эл аралык стандартка ылайык деңгээлдер боюнча окутуунун көйгөйлүү маселелери такууланды.
c4004f1a-7430-4598-90b7-4034ecc99d96