logo1

Математикадан викторина
2019-жылдын 1-апрелинде Адам университетинин 101-аудиториясында
математика боюнча викторина болуп өттү. Викторинанын темасы: “Своя
игра”. Бул иш-чара Гуманитардык жана фундаменталдык дисциплиналар
департаментинин ага окутуучусу Варшакидзе А.Н. өткөрдү.
Викторинанын максаты: Студенттердин чыгармачылыгын өркүндөтүү,
предмет боюнча билимин тереңдетүү, математика илимине кызыгуусун
арттыруу, командада иш жүргүзүүнү үйрөнүү жана студенттердин
Викторинага Э-1-18, Э-2-18 группаларынын студенттери катышты.
Алар жети кишиден турган эки командага бөлүнүп, тапшырма жана
суроолорго жооп бере башташты. Оюн беш турда өттү. Эсептөө
комиссиясына кирген окутуучулар Касымова А.Н., Султаналиев Б.Т. жана
департаменттин методисти Саматова Гүлшайыр баллдарды эсептөөнү
калыстык менен чыгарышты.
Э-1-18 группасы – 54 балл, Э-2-18 группасы – 57 баллга татыктуу
болушту. Биринчи орун Э-2-18 группасына берилди.
Викторинанын катышуучуларына математика сабагынан II семестрде
кызыктыруучу кошумча баллдар берилет.
Гуманитардык жана фундаменталдык дисциплиналар департаменти
01.04.2019
photo_2019-04-02_18-51-13

photo_2019-04-02_18-51-11

photo_2019-04-02_18-51-07