logo1

21-февраль – Эл аралык эне тил күнү.
2019-жылдын 27-февралында АДАМ/БФЭА Университетинин 307-аудиториясында Эл аралык эне тил күнүнө арналган иш-чара өттү.
Иш-чаранын максаты – дүйнө элдеринин маданий салттары менен тааныштыруу. Элдин эне тилин сактоо жана коргоо – азыркы мезгилдин актуалдуу көйгөйү болуп саналат, анткени азыркы мезгилде ар бир айда экиден тил жок болуп турат.
Биздин студенттер кызыктуу газеталарды даярдашып, кыргыз, орус, түрк, англис тилдеринде ырларды аткарышты.
Э-1-17, Э-2-17 группаларынын студенттери “Сиздер билиесиздерби?
темасында тил жөнүндө кызыктуу фактыларды, маалыматтарды окуп беришти.
Иш-чарага окуу жайдын тарбия иштери боюнча проректору, профессор Эгембердиев Ш.Э., программалардын жетекчилери чакырылды.
Иш-чара ГФДД окутуучулары, 1-2-курстардын студенттери тарабынан уюштурулган.