logo1

2019-жылдын 11-февралында Адам университетинин 4-курсунун студенттери «Бизнестин кошулуу жана биригүү учурунда бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун методологиясын жана методикасын өнүктүрүү” темасында өткөн эл аралык видеоконференциянын ишине катышты. Видеоконференция Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университет тарабынан уюштурулду. Вебинарды алып барган: Алексей Евдокимович, АССА DipFR, аудит боюнча өнөктөш, МСФО башчысы, этика жана көз карандысыз боюнча өнөктөш, “РСМ Бел Аудит” ААК компаниянын аудитору. Доклад бухгалтердик-аудитордук жана финансы чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү тарабынан кызыгуу менен кабыл алынды.
Адам университетинин студенттери тажрыйба алмашуу үчүн мобилдик аянтча түзүп, биздин шартыбызда колдонуучу кызыктуу аспекттер тууралуу маалымат берген видеоконференциянын уюштуруучуларына ыраазычылык билдиришти.