logo1

АДАМ/БФЭА Университетинин ректору Сирмбард С.Р. 2019-жылдын 18-22-февралында Вьетнамдын Ханой шаарында ERASMUS+ LMRT №573897 EPP-1-2016-1-BG-EPPKA2-CBHE-JP “Кытай, Вьетнам жана Кыргызстанды ачык билим берүү жаатында туруктуу туризм боюнча бакалавр жана магистратура программаларын өнүктүрүү” долбоору боюнча өткөн үчүнчү Эл аралык жолугушууга катышты.

Жолугушууда төмөнкү суроолор каралды:

  • Түзүлгөн бакалавриат  жана уруксат берүү же аккредитациянын абалы тууралуу жалпы маалыматтар;
  • Алдыңкы тажрыйба борборлорун ачуу пункттары;
  • Пландаштырылган иш-чараларды презентациялоо;
  • Долбоорлордун жыйынтыктарынын туруктуу планын көрсөтүү;
  • 2018-жылдын сентябрь айына окуучулардын саны жана 2019-жылга смета тууралуу жаңыланган маалымат.
  • FTZV ишинин прогрессинин презентациясы (FOAD түзүлгөн модулдар) жана окутулган адистердин тизмелери (компаниянын кызматкерлери).