logo

2019-жылдын 20-февралында АДАМ/БФЭА университетинин 1-курстун Э-1-18 группасынын студенттери Эл аралык Эне тил күнүнө арналган “Мамлекеттик тил санариптештирүү доорунда” аттуу республикалык илимий-практикалык конференцияга катышты.


Конференцияга И. Раззаков атындагы КТУ менен биргеликте КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясы тарабынан уюштурулган . Бул майрам бүткүл дүйнө жүзүндө 2000 жылдан тартып белгиленүүдө. Анын максаты – улуттардын эне тилин жана маданий баалуулуктарын сактоо.
Конференциянын ишине КР президентинин жана Өкмөтүнүн, КР Билим берүү жана илим министирлигинин өкүлдөрү, ЖОЖдордун окутуучулары жана студенттери катышты.

Конференциянын катышуучуларына малекеттик тил, Эл аралык эне тил жана өлкөнүн санариптешүүсүндө тилдин ролу тууралуу презентациялар көрсөтүлдү.
Digitalization 21-02-2019