logo1

«Аалам алпы, залкар жазуучу -Ч.Айтматов»

2018-жылдын 10-декабрында Адам университетинде заманыбыздын залкар жазуучу, кыргыз адабиятынын чолпон –жылдызы Ч.Айтматовдун 90 жылдык маарекесине арналган “Ч.Айтматов-кыргыз элинин сыймыгы” аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Кеченин негизги максаты- жазуучунун чыгармалары аркылуу жаштарды ыйманлуулукка, мекенчилдикке, гумандуулукка, адептүүлүккө тарбиялоо менен бирге, көркөм-эстетикалык маданиятын калыптандыруу, руханий дүйнөсүн байытуу.

Салтанаттык иш-чараны университеттин проректору, Ш.Эгембердинв ачып, Ч.Айтматов залкар, кеменгер жазуучу, дүйнөлүк маанидеги тарыхый инсан экендигин белгилеп өттү.

Иш-чаранын ачылышында улуу жазуучу тууралуу видеотасма көрсөтүлүп, Ч.Айтматовдун “Ысык-Көлдү сагынуу” аттуу ыры жаңырды.

1-2-курстун студентеринин күчү менен даярдалган “Биринчи мугалим”, “Кызыл алма”, “Жамиля”, “Саманчынын жолу”повесттеринен, “Кылым карытар бир күн” романынан инсценировкалар чебер аткарылып, көрүүчүлөрдүн назарына толду.

Салтанаттын жүрүшүндө “Ч.Айтматовдун өмүр баяны жана чыгармачылыгы”, “Ч.Айтматовдун учкул сөздөрү”,“Айтматов жана кино”, деген темадагы кызыктуу презентациялар баяндалды.

Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы каармандар көрүүчүлөрдү түйшөлтүп, бир кубандырып, бир кайгыртып, жашоонун маңызы жакшылык менен жамандыктын тамыры туурасында ой толгоп, өзү жөнүндө, айлана -чөйрө менен өзүнүн андагы орду тууралуу акыл токтотууга мажбурлады.

ГФДДнын доценти, п.и.к.Абдыкадырова М.Б.
Ч.Айтматов 2018