logo1

АДАМ/БФЭА Университетинде «Туризимди туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө жогорку билимди өнүктүрүүдө инновациялык билим берүү программалардын ролу» темасында тегерек стол өткөрүлдү.

Тегерек столдун максаты- «Кытай, Вьетнам жана Кыргызстандын билим берүүсүндө туруктуу туризмбоюнча бакалавр, магистр программаларын өнүктүрүү (LMPT)» Erasmus+ долбоорунун жыйынтыктарын ишке ашыруу. Ошондой эле туризмди туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө компетенттүүлүк ыкманын негизинде эки деӊгелдүү билим берүү программалардын калыптанышынын өзгөчөлүктөрү жөнүндө талууланды. Тегерек столдун ишинде эки дипломдуу билим берүү программаларды иштеп чыгуу, окуу процессин уюштуруу тууралуу сөз болду. Бул иш-чарага КР Билим берүү жана илим Министринин кеӊешчиси Марченко Л. Ю., Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу туризм Департаментинин директор Жаманкулов А.К., Кыргызстан Эразмус+ программасынын улуттук координатору Чокушева Г.Р., АДАМ/БФЭА Университетинин ректору, доцент Сирмбард С.Р., ошондой эле КЭУ, ИТУ, КГУСТА, КМЮА, КР президентине караштуу МБА, АДАМ/БФЭА Университетинин өкүлчүлүктөрү катышышты.

LMPT GPR