logo1

АДАМ/БФЭА Университети КР ФМ бюджеттик кредитттери башкаруу боюнча мамлекетттик агентигинин жана КР ФМ окуу борборунун колдоосу менен эл аралык илимий практикалык конференция өткөрдү.

Конференциянын темасы: «Улуттук жана аймактык экономиканын өнүктүрүүнүн инновациялык методдору жана стратегиялык ресурстары». Конференция 2018 жыл- акмактарды өнүктүрүү жылына карата өткөрүлүүдө.

Конференциянын ишине мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ЖОЖ окуутучулары жана студенттери , РФ өкмөтүнө караштуу финансы университетинин Санкт- Петербург филиалынан чакырылган коноктор катышышты. Бүгүнкү өткөрүлүп жатка ниш-чаранын саанисин жана актуалдуулугун конференциянын катышуучуларына КР ФМ статс- секретары Баяманова Зуура өзүнүн кайрылуу сөзүндө белгиледи . РФ өкмөтүнө караштуу финансы университетинин Санкт- Петербург филиалынын өкүлү Путихин Ю.Е. жана АДАМ/БФЭА Университетинин илимий жана окуу иштери боюнча проректору э.и.к., доц. Абыкеева М.А. да доклад жасашты.

Конференция эки багыт боюнча иш алып барды:

1) Окутуучулар жана адистердин илимий-практикалык конференциясы

2) Борбордук ЖОЖдор арасында конкурс

Конкурстук программага КРСУ, КУУ, КЭУ, МУК жана АДАМ/БФЭАнын студенттери катышышты. Алар аймактарды өнүктүрүүнүн актуалдуу проблемалар боюнча докладдарын тартуулашты. Конференциянын жыйынтыгы боюнча Университетибиздин проректору э.и.к., доц. М.А. Абыкеевага финансы университетинин Санкт- Петербург филиалынын ардактуу төш белгиси тапшырылды. АДАМ/БФЭА Университетинин студенттери 2 жана 3 орунга татыктуу болуп, баалуу сыйлыктар менен сыйланышты жана ыразычылык каттары берилди.

img_6035_kopiya